«Марат Жанталиевдин бөйрөгү ооруп дарыланып жаткан экен. Анын агасы менен сүйлөшсөм, 2 күн мурда Бишкектеги ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүнө которулуптур. Бирок бүгүн, 9-июнда кайтыш болуп калды», — деди ал.
Актёр, куудул Марат Жанталиев Нарын облусунун Кара-Кужур айылында туулган. Москва шаарындагы Кинематографиялык институтту бүтүргөн. Марат Жанталиев көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип келген.