Домой Маданият Айнура Тургунбаева: Ушинтип таштап кетет белең Бопуням!

Айнура Тургунбаева: Ушинтип таштап кетет белең Бопуням!

9921

Белгилүү актриса Айнура Тургунбаева актер Марат Жанталиевке төмөнкүдөй эскерүү жазды:

«Бир туугандай эгизим эмес белең. Эми кимге сырымды айтып, кимге арманымды айтам? Кимди Бопуням деп эркелетем, ким мени Сакинтай деп эркелетет? Ушинтип таштап кетет белең Бопуням! Жараткан бейишинен орун берсин. Кош кесиптеш түгөйүм, кош!» деп жазды.

Эске сала кетсек, сахнадагы түгөйлөр Марат Жанталиев менен Айнура  Тургунбаева коомчулукка Сакиш, Бопуш деген ысымдар менен таанымал болгон.