Домой Коом Арзыбек Кожошев: “ХИПК программасына” кирсек, тышкы карыздан кутулабыз

Арзыбек Кожошев: “ХИПК программасына” кирсек, тышкы карыздан кутулабыз

155

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Арзыбек Кожошев ХИПК (Heavily Indebted Poor Countries) программасынан Кыргызстан 2006-жылы баш тартканына өкүнүчүн билдирди. “Кыргызстан бул программага кошулганда, бүгүн өлкө экономикасы үчүн жеңил болмок”,-деп, бул маселе азыр да алдыда көтөрүлө турганын кыйытты…

-Мамлекеттин карызын эл төлөбөш керек, бул туура эмес концепция, карызды мамлекет төлөш керек! Себеби, карызды алаарда мамлекет сүйлөшүп, тиешелүү документке кол койгон. Ошон үчүн ревизия кылып, ким канча кредит алганын билип, карыз алган атка минерлерди кустуруш керек! Алар үчүн эмнеге песионерлер, карапайым эл төлөш керек?! Бүгүнкү күндө экономикалык кризис болуп турат, жакырчылык көбөйүп баратат. Мисалы, 2006-жылы Кыргызстан жакыр мамлекети катарына кирип, карыздан кутулуу үчүн ХИПК программасына кирүүгө сунуш болгон. Анда Кыргызстандын карызы 1 млрд. 900 миллион доллар болчу, ар бир адамга жылдык кирешебиз 400 доллар болсо, бүгүнкү күндө 1200 доллар. Анан биз ХИПК программасын карап, талаптары менен таанышып чыгып, туура көрдүк. Анда финансы министри Акылбек Жапаров болчу. Ал ушул маселени парламентте айтып, талкууга койду. Анан бир кыргыздин азаматы туруп алып, “Биз Африка эмеспиз, биз негр эмеспиз” деп койду эле, аны болгон массалык-маалымат каражаттары таратты. Эл дагы “биз негр эмеспиз” деп аны ээрчип кетти. Баягы маселе профессионалдык аянттан саясат аянтына кетип калды. Анда Феликс Кулов премьер-министр болчу, “Эй, Акылбек Үсөнович, эмне деп атасыӊ? Эл макул эмес” деп, ал дагы саясий чечимди колдоду. Ошентип биз “ХИПКке кирбейбиз, өзүбүз төлөйбүз” деп кыйкырган элдин талабы менен “Элдик эсеп” ачтык, ага болгону 1 миллион сом гана чогулду. Ошо боюнча биз ал маселени көмдүк, чечилген жок, карыбыз болсо жылдан жылга көбөйүп баратат.

Эске сала кетсек, Дүйнөлүк банк Кыргызстанга ХИПК программасына кошулууну 2007-жылы сунуштаган. Ага ылайык, өлкө карызынын бир бөлүгү кечирилмек. Бирок коомчулук реакция кылып, нааразы болгон. Ошондон улам, ал кездеги өкмөт программадан баш тартып койгон. Тагырагы, Феликс Кулов премьер-министр болуп турганда ХИПК программасын жүзөгө ашырбай койгон. Тышкы карызды элдин жардамы менен төлөө демилгеси менен көтөрүлүп, Финансы министрлигинин Борбордук казынасына таандык эсеп “Кыргызстандын тышкы карызын төлөөгө багытталган Элдик эсеп” деген аталыш менен ачылган. Дал ушул маселени жогоруда айтып жатат Арзыбек Кожошев.

Булак: NazarNews.kg