Домой Коом Чубак ажы: “Кыргыздын салтында кабыр чоң казылат, ошону кичирейтели”

Чубак ажы: “Кыргыздын салтында кабыр чоң казылат, ошону кичирейтели”

906

— Маркумду тез коюу керек болгон учурда, кол менен казуу кыйынчылык жаратса кабырды экскаватор менен казса болобу?

 — Албетте, болот. Казуу кандай гана жолдо болбосун кабыр казылган болсо эле эсеп. Ошондуктан, убакыт тартыш болгон күндөрү деле, убакыт тартыш эмес күндөрү деле экскаватор же болбосо башка ошого окшогон атайын техникаларды колдонгонго шарият уруксат берет.

Кыргыздын салтында кабырды казганда өтө чоң казып көнүп алышкан. Ушундай учурларда ошону кичирейтүү керек. Маркум бата турган деңгээлде гана чакан кылып, сырттан казанактан сөөктү ичине киргизип туруп, сырттан кирпич менен тизип, жаап кое турган болсо, ошол дагы жетиштүү.

Чубак ажы Жалиловдун Фейсбуктагы расмий баракчасынан алынды