Алардын айтымында, Нюрнбергден учуп чыккан учак, кечээ түнү Бишкеке конгон.
Ал эми дагы бир колдонуучунун айтымында, Бомбардье 604 учагы атайын COVID-19 менен ооруган бейтаптыарды ташый турган учак.
“Эки бейтапка, эки жүргүнчүгө ылайыкталган учак. Бортто эки медкызматкери бар. Жасалма дем алуучу аппараттар, концентраттар жана башка керектүү чоң жабдуулар менен камсыздалган”, – деп жазган.
“Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Эске сала кетсек, коронавирус пандемиясына карата Кыргызстан эл аралык каттамдарды токтоткон.
Булак: Репартёр