Домой Коом 13 адам коронавирустан, 44 адам пневмониядан каза болду

13 адам коронавирустан, 44 адам пневмониядан каза болду

128

Бир сутка ичинде коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы 13 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүнкү күнгө карата онлайн жыйында Айнура Акматова билдирди. Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 67 жашта); №6 Шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 52 жашта); Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 3 (3 эркек, 69-55-70 жашта); Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 52 жашта); Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 53 жашта); Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 2 (эркек, 64 жашта, аял 55 жашта); Жайыл аймактык ооруканасынан – 3 (эркек, 63 жашта, 2 аял – 59-70 жашта); Москва аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 49 жашта). Жалпы коронавирустан каза болгондордун саны 112 кишини түздү. Бир сутка ичинде пневмониядан 44 бейтап каза болду. Алардын ичинен 14 адам республика боюнча жана Бишкекте 30 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 268 адам.