Домой Коом Бүгүндөн баштап Бишкекте кинотеатрлар, фудкорттор жана компьютердик клубдар ишин жандантты

Бүгүндөн баштап Бишкекте кинотеатрлар, фудкорттор жана компьютердик клубдар ишин жандантты

48

Бүгүн, 1-декабрда Бишкекте кинотеатрлар, фудкорттор жана компьютердик клубдар ишин жандантты. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат жыйынында вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

Маалыматка ылайык, ишин жанданткан жайларда кызматкерлер жана келген коноктор бет кап тагынуусу шарт.

«Ишин жанданткан мекемелерде санитардык талаптар аткарылышы керек. Алсак, бөлмөнү 15-20 мүнөт сайын желдетип туруу, социалдык аралыкты сактоо, жарандар бет кап тагынып, шахматтык негизде отурушу зарыл. Ал эми тамактануучу жайлардын 50 пайызында гана адамдар олтуруп, тамактанууга уруксат берилет», — дейт ал.