Домой Коом Ысык-Көлдө прокуратура 10 млн. 932 миӊ сомдук жер тилкени кайтарды

Ысык-Көлдө прокуратура 10 млн. 932 миӊ сомдук жер тилкени кайтарды

120

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ысык-Көл райондук бөлүмү тарабынан 2019-жылдын июль айында жокко чыгарылган соттун чечиминин негизинде «Б.М.» аттуу жаранга «Рохат» жана «Алтын Көл» пансионаттарынын ортосунда жайгашкан 0,60га жер тилкесине мыйзамсыз жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилгендигин Ысык-Көл райондук прокуратурасы аныктап чыкты.

Текшерүүдө такталгандай, аталган жер тилкенин нарктык базар баасы 10 млн. 932 миң сомду түзөт.

Жерди кайрадан мамлекетке кайтаруу чараларын жүргүзүү үчүн райондук прокуратура тарабынан Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына талап келтирилген.

Анын негизинде Кара-Ой айыл өкмөтү сотко доо арыз менен кайрылып, соттук кароонун жыйынтыгында доо арыз толугу менен канааттандырылган.

Бүгүнкү күндө, Ысык-Көл райондук прокуратурасынын прокурордук сунушунун негизинде жогорудагы 0,60га жер тилкеси кайрадан мамлекеттик менчикке алынды.

булак: eldik.media