Домой Саясат «Биримдиктен» аттанган Азамат Арапбаев бийликтин «саан уйуна» айландыбы?

«Биримдиктен» аттанган Азамат Арапбаев бийликтин «саан уйуна» айландыбы?

228
Алгач “Акжолдон”, андан соң “Ата Журттан” депутат болуп, кийин КСДПга өтө качкан Азамат Арапбаев деген эргул бар. Улам бир эрге тийген сымал, кайсы партия таасирдүү болсо, ошол жагына өтүп кетет. Иш жүзүндө депутат болуп эмнени кыйратканы белгисиз. Тек гана бизнестерин калкалоо, мандатты жеке кызыкчылыгына пайдалануу амалы менен жүргөндөй элес калтырат. Бу саам “Биримдик” партиясынан парламенттик шайлоого аттанууну көздөп, азырынча Ош шаардык кеңешине даярданып, акчанын күчү менен “опур-топурду” өткөзүп кетүүгө салым кошкон жаткандай. Бул жагынан “эрдигин” көрсөтсө, анан Жогорку Кеңешке аттанат экен. Эч ким каршы эмес дечи, бирок принцип, мораль (!) деген баалуулуктар болуш керек да, туурабы? Ток этери, Азамат Арапбаев бийликтин “саан уйуна” айлангандай эле образ жаратууда.

Булак: Aryba.kg