Домой Саясат Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Кыйналып жаткан калктын бир айлык насыясын кечсек болобу?”

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Кыйналып жаткан калктын бир айлык насыясын кечсек болобу?”

224
“Коронавирус илдетине байланыштуу биздин жарандарыбыз насыяларын төлөй албай кыйналышты. Ушул элдин жок дегенде бир айлык насыясын кечсек болобу?, – деп бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Марлен Маматалиев суроо узатты.
“Кыйналып жаткан калктын бир айлык насыясын жапканга 256 миллион жетпейт. Жардам берүү үчүн так критерий болуш керек”, – деди Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

“Биз комитеттен чечим кабыл алып бергенбиз. Өкмөттүн резервине тышкы карыздарды төгүү максатында 4 миллиард сом сарптаганбыз. Ушул акчанын 2 миллирдын тышкы карызга жаба турган болсо, 300 миллионун насыя жапканга сарптасак кандай болот деп тапшырма бергенбиз. Сиздин оюңуз боюнча ушул акча каражат жетеби?”, – деди депутат Маматалиев.

Улуттук банктын төрагасы бул маселе боюнча өкмөт менен такташаарын белгиледи.

Булак: KyrgyzToday.kg