Акын, журналист Жолдошбек Бузурманкулов 74 жашында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун жакындарынын айтымында ал акыркы күндөрү ооруканада, жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Жолдошбек Бузурманкулов 1946-жылы Талас облусунда туулган. Эмгек жолунун дээрлик 33 жылын ИИМдин басма сөз кызматында иштеп жүрүп, 2005-жылы ардактуу эс алууга чыккан болчу. Ал бир топ жылдан бери Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында коомчулук менен байланышуу бөлүмдөрүндө иштеп жүргөн. Ал бир нече китептин автору.