Домой Экономика Депутат быйыл алынган карызды иштетпей койгон үчүн өкмөт 100 млн. айып...

Депутат быйыл алынган карызды иштетпей койгон үчүн өкмөт 100 млн. айып төлөй турганын айтты

86

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова 2020-жылдын бюджетин өзгөртүү каралып жатканда 2020-жылы өздөштүрүлбөй калган кредиттер үчүн Кыргызстан 99,4 миллион сом айып төлөөгө милдеттендирилгенин айтып, мындай чыгымдарга кандайча жол бергенин чоо-жайын териштирүүнү  өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем  Новиковдон талап кылды. Депутат ушул кезге чейин мындайга жол берген атка минерлер жоопко тартылбагынын билдирди

Артем Новиков 2020-жылы алынган кредит, гранттартардын айрым каражаттары инвестициялык долбоорлор, иррегациялык объектилер, таза суу, транспорт секторунда өздөштүрүлбөй калганын, тендердик процедура, техникалык негиздемелер кечигип бүтүп калганы менен түшүндүрдү. Чынын айтканда, быйыл мамлекеттик инвестициялар линиясы боюнча долбоорлордун 30 пайызынан көбү гана өздөштүрүлгөнүн,  бул маселе  боюнча өкмөттүк деңгээлде жумшак айтканда «разборка» кылшканын билдирди.

Эске сала кетсек,  Кыргызстан 1992-жылдан 2018-жылга чейин чет өлкөлүк төрт банктан алган кредитти убагында иштетпей койгон шаалакылыгы үчүн  772 миллион 257 миң сом айып төлөгөн.