Домой Саясат Дастан Бекешев чет элдиктерге кыргыз жарандыгын сатуу сунуштады

Дастан Бекешев чет элдиктерге кыргыз жарандыгын сатуу сунуштады

116

Кыргызстанга 100 миң долларлык инвестиция жасаган чет элдик жарандарга кыргыз жарандыгын берүү сунуштап чыккан депутат Дастан Бекшев. Аталган мыйзам долбоорунда бул боюнча мындай түшүндүрмө жазылган:

«Бул мыйзам долбоор инвестициялардын ордуна чет элдиктерге Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү механизми аркылуу Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн акча топтоо максатында иштелип чыкты. Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн каражатты аккумуляциялоо боюнча атайын эсепке 100 миң доллар төлөгөн чет элдиктерге Кыргызстандын жарандыгы жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте берилет.Буга окшош мыйзамдар бир катар өлкөлөрдө бар экени белгиленген. Мисал катары Сент-Китс кош инвестициялык жарандыкты сунуштаган алгачкы өлкөлөрдүн бири. «Инвестициялардын ордуна жарандык» программасы 1984-жылдан тартып ишке ашкан. Инвестициялоого бир нече мүмкүндүк бар: туруктуу өнүгүү фондуна 183 150 доллар которуу же 288 150 долларга кыймылсыз мүлк сатып алуу. Бул өлкөнүн жарандыгы 150 өлкөгө визасыз кирүүгө мүмкүндүк берет. Дүйнөдө инвестициялардын ордуна жарандыкты сунуштаган 30дай өлкө бар . Келечекте мыйзам долбоор кабыл алынып калса, Кыргызстан инвестициялардын ордуна жарандыкты сунуштаган Борбор Азиядагы биринчи мамлекет болуп калмакчы.»