Домой Коом Баштары жок. Ошто үй салган киши бир нече адамдын сөөгүн таап алды....

Баштары жок. Ошто үй салган киши бир нече адамдын сөөгүн таап алды. Сүрөт

2225

Анын айтымында, окуя 14-июнь күнү шаардагы Южный кичи районунун Жамбыл көчөсүндө болгон.

«Аталган көчөдө жергиликтүү тургун турак жай салуу үчүн котлован казуу иштерин жүргүзүп жаткан. Бул учурда ал жер алдынан адамдын сөөгүн таап алган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат», — деди Сыдыков.Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдар билдиргендей, котловандан болжол менен алты кишинин сөөгү табылган. Баарынын баштары жок экени айтылды. Сөөктөрдүн арасында маркумдардын кийимдери жана бут кийимдеринин калдыгы да кошо чыккан. Ал эми бир баштыкта адамдын колунун манжаларынын сөөктөрү да болгон.

Булак: sputnik.kg