Домой Коом Бурул Арунова: Жолдошум курсактагы балам 3 айлык кезинде ичиме тээп, баланы алдыртасың...

Бурул Арунова: Жолдошум курсактагы балам 3 айлык кезинде ичиме тээп, баланы алдыртасың деген

1131

Ырчы Бурул Арунова жолдошу менен эки ажырым жолго түштү. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганымды айтууга мажбурмун деген ырчы буларга токтолду.

Ырчынын айтымында, анын ата-энесине дагы жолдошу тарабынан коркутуулар болгон. «Бул адам тарабынан жасалган коркутуулар дагы деле болуп жатат. Акыркы жолу эки күн мурда болду. Азыр айтууга мажбурмун, курсактагы балам 3 айлык кезинде жолдошум ичиме тээп, баланы алдыртасың деген», — дейт ырчы.

«Бул адам менен баш кошкондон кийин чыныгы жаман, азап күндөр башталды. Үйлөнгөндөн кийин өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүп, мага көп кордук көрсөтө баштады. Ажырашуубуздун себеби үй-бүлөлүк зомбулук. Бул нерсени жашырып келгем, себеби жаңы үй-бүлөдө кыйынчылык, уруш-талаш болот, аялзаты чыдаш керек, үй-бүлөдө болуп жаткан маселени эч кимге айтпаш керек, жарыялабаш керек деп. Бирок убакыт өткөн сайын абал курчуп, мен ден соолугумдан ажырай баштадым. Ажырашууну чечтим.

Жолдошум менен ушул жылдын январь айында ажырашканбыз, ошол күндөн тарта ал мени коркутуп, сөгүп, тынч жашоо бербей келет. Март айында жолдошум тарабынан мага кол салуу болгон. Ошондо арыз жазгам, учурда сот процесси жүрүп жатат. Бул адам жоопкерчиликтен качып, дагы деле жашоомо коркунуч жаратып келет.

Мен сиздер аркылуу күч органдарына кайрылат элем, эмне үчүн бул адамга чара колдонулбай жатат? Канчага чейин аялзаты ушундай кордук көрүп жүрөт?

Аргасыздан айтууга муктажмын, биздин өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук бар, көп аялзаты жашырууга муктаж. А мен андай жашоону каалабадым», — дейт ал.

Ал эми ырчынын мурдагы жолдошу Эрнис Турсунов: «Мен Бурул менен жашайм, эки жолго түшүп кетпейли деп эркек катары аракеттерди көргөм. Ал эми коркутуулар болуп жатат деген боюнча айтсам, тескерисинче мага коркутуу болгон. Мен Бурулдун деңгээлине түшпөй эле коёюн деп турам. Бурул, анын ата-энеси дагы жакшы адамдар. Бирок эмнеге мындай ишке барып жатканын билбейм, балким, пиар кылып жатат. Мен баланы алдыртуусун каалабайм, тескерисинче менин балам менен болгон мамилемди үзбө деп айткам», — дейт ал.

Ырчы укугун коргоо үчүн жактоочу жалдаганын кошумчалады. «Жолдошумдун кол салуусу боюнча ага айып пул эле салынат экен. Укук коргоочулар бул үй-бүлөлүк маселе экенин, ал адам соттолбой турганын айтышып, өзүңөр чечишип алгыла деп кайдыгерлик мамиле кылып жатат. Аялзаты жалгыз болсо укугун коргоо абдан кыйын экен. Ошондон улам жактоочу менен иштешип жатам», Ырчы 2019-жылы Эрнис мырзага турмушка чыккан.

Булак: Супер