Буга чейин диний аалым Чубак ажы Жалилов буга чейин күзүндө өтчү парламенттик шайлоого катышар-катышпасын “убакыт көргөзөрүн” айткан болчу.
Анын аалымдар Кеңешинен чыгышы, күзүндө өтчү шайлоолорго катышууга ниеттенип жатабы деген суроолорду жаратты. Албетте, белгилүү аалымдын эл арасында популярдуулугу талашсыз. Көп добуш алып келеши да күмөн жаратпайт.
Анткен менен, анын бул ниетин Борбордук шайлоо комиссиясы канааттандырбай турганын БШК мындайча түшүндүргөн:
«Чубак ажы Жалилов шайлоолорго катыша албайт, себеби ал диний ишмер болуп саналат», — деп билдиришти.
Эгер Чубак ажы Жалилов арыз менен кайрылса дагы Конституцияга ылайык, анын каалоосу аткарылбайт.
Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциянын 7-беренесине таянууда. Ал жакта мындай деп жазылган:
1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.
2. Дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган.
3. Диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат.
Ал Аалымдар кеңешинин курамынан чыгышы менен, эми катардагы жаран катары шайлоого катышууга толук укуктуу. Бирок кептин төрү башка жакта. Кайсы бир партия таасирдүү диний аалымды байрак кылып көтөрүп, шайлоого аттанышы Конституциянын талаптарына туура келеби? Дин менен саясаттын түздөн-түз аралашуусу светтик мамлекеттин түзүлүшү жол береби? Ажылар да саясатка киришип, шарият менен жашоого үндөй башташабы?
Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасы мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган унитардык, социалдык мамлекет болуп эсептелет.
Булак: ua.kg