Конституциялык кеңешменин ишине катышууну каалагандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу жана конституциялык реформаны ишке ашырууда бардык тараптын пикирин эске алуу максатында анын курамы өзгөртүлүп, дагы он киши жаңы кошулду. Мурун киргендерден депутат, белдүү юрист Канат Керезбековду чыгарышты. Аны кеңешмеден кетиши үй-бүлөлүк жагдайлар байланыштуу экени айтылганы менен, чыныгы себептери башка экенин жакындан билгендер айтышууда. Чыныгы себеп, саясатка байланыштуу. Бул жагы жакында ачыкка чыгат…Бирок кеңешмеге Керезбековдой тажрыйбалуу юрист абдан керек эле…