Домой Коом Балалуу болсом жолдошум кол көтөрбөй калабы?…

Балалуу болсом жолдошум кол көтөрбөй калабы?…

84

Саламатсызбы. Мага силердин жардамыңар керек. Учурда экөөбүз урушуп эки жакта жүрөбүз. Төрт жыл сүйлөшүп баш кошконбуз, үй-бүлө курганыбызга 1,5 жыл болду. Ортодо балдарыбыз жок.

Жолдошум өтө кызганчаак. Бир туугандарыма, курбуларыма, жада калса өзүнүн жеңелерине кошпойт. Кызганып атып иштен да чыгарып алды, же өзү иштеп мени бакпайт. Түрмөдө жашап жаткандай эле болом. Уруштун бары кызганычтан чыгат, же болбосо бир нерсеге жеке пикиримди айтсам дароо уруп-сабап кирет. Талылуу жериме чаап өлтүрүп коебу, деп корком.

Бул экөөбүздүн тең экинчи турмушубуз. Мага чейин ким менен болгонсуң, деп шылтоо таап да, кол көтөрө берет. Балким, балалуу болсок өзгөрөбү, деп канча аракет кылдым. Такыр болгон жок. Күйөөмдүн уругу 0% экен.

Биринчи никемден бир балам бар. Аны деле сурабайт, каралашпайт. Азыр да кызганычтын айынан урушуп, ата-энемдикине кетип калдым.

Кандай кылсам? Дегеле жашоодо адам өзгөрүшү мүмкүнбү?
_______
Мария Самсонова
Психолог

Сиз зөөкүр менен жашап жатасыз. Мындай адамдар психотерапевтке көрүнүп, узак терапиядан өткөндөн кийин гана өзгөрүшү мүмкүн. Бирок мында бир көйгөй бар. Адатта, алар кандайдыр бир көйгөй бар экенин моюнга алышпайт, жана психолог же психотерапевтке көрүнүп дарылангысы келбейт.

Балалуу болсок өзгөрөбү деп жатасыз. Экөөңөрдүн көйгөйүңөрдү бала чечпейт. Ушинтип ойлонуу чоң жаңылыштык. Кийин бала да сизге окшоп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгына айланат.

Психологиялык абалы туруктуу, мамилелер жакшы үй-бүлөдө да баланын төрөлүшү үй-бүлө мүчөлөрү үчүн стресс болуп, мамиледеги кризиске алып келет. Ал эми дисфункционалдуу үй-бүлөдө кырдаал ого бетер курчуйт, ызы-чуу, уруш-талаш көбөйөт. Бала ата-энесинин чатагын көрүп чоңоет.

Эгер өзүңүздү түрмөдө жашагандай сезсеңиз, эмне үчүн тагдырыңызды бул адамга байлап жатасыз? Сиз сүрөттөп жаткан адам, чындап эле камкор ата, күйүмдүү күйөөгө айланышына ишенип жатасызбы?

Эч качан андай болбойт! Бул жөн гана фантазия, өзүңдү-өзүң алдоо. Бул сүйүү эмес, сүйгөн киши жакынына кордук көрсөтпөйт.

Булак: Билесиңби