Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү. «Демек, сүйгөнүн дале унута элек экен да»
Кайын эжем экөөбүз ичеги-карын жууп отурганбыз. Жаныма кызым келип жүдөтө баштады. “Канайым, тур тиги жакка ойно, кийимиң булганат”. — Аты эле укмуш. — Бекен көшөрүп жатып койгон. — Эски сүйүүсүн эстеп кеткен го. — Сүйүүсүн? Түшүнбөдүм? — Студент кезинде Канайым деген кызды катуу сүйгөн. Бирок, ата-энеси кызын Бекенге бербей, башкага узатып жиберишкен. Анан сени алды.
Үстүмөн бирөө муздак суу куйгандай эле катып калдым. Заманбап аттарды көргөзсөм жактырбай, “ушуну эле коем” дегенине таң калгам. Бирок, жаман оюм жок, макул болгом. Көрсө, кептин баары бул жакта турбайбы! Демек, сүйгөнүн дале унута элек экен да!
Андан бери бир ай өттү. Уйку жок, ар нерсени ойлой берип башым ооручу болду. Атын алмаштырайын десем, күйөөм менен кызым макул болбой жатышат. Бекен менен күн сайын урушабыз. Аны көргүм келбей калды. Бул мен үчүн чыккынчылыкка барабар. Акыркы үч күндөн бери сүйлөшө элекпиз. Кантип бул оор жүк менен жашайм?
Булак: Билесинби кж