Бул маалыматты Бишкек шаарынын комендантынын маалымат кызматы билдирди:
“Бишкек шаарында коменданттык саат учурунда мыйзамды бузган 37 киши кармалган. Алардын ичинен үчөө чет өлкөлүк жарандар. Ал эми жарандардын арасында учурдагы “Билайн” компаниясындагы жарнамасына түшүп жүргөн “Азия микс” командасынын мүчөсү Марат Джуманалиев дагы бар. Ал милиция бөлүмүнө жеткирилип, эскертүү берилип, айып пул салынды.