Домой Коом Байгуттиев Женишбек президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди.

Байгуттиев Женишбек президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди.

32

«Толубай» АКБ ЖААнын директорлор кеңешинин мүчөсү Байгуттиев Женишбек президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, ал арызын 10-ноябрда БШКга тапшырган.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоого талапкер болуп катышуу үчүн Канатбек Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Нурлан Мотуев жана Рашид Тагаев  БШКга арыз берген.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.