Бүгүн, 11-ноябрда Бишкектин борборунда кезектеги митинг өтүп жатат. Бул жолу акцияга “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери чыгышты. Башкы имаратка 20дай адам чогулган.
Алардан 2019-жылга жылдын 13-айлыгын берүүнү, ошондой эле айлык маяналарын 50 пайызга көтөрүүнү талап кылышууда. Алардын айтымында, бүгүнкү күндө почтальондор айына орто эсеп менен 5400 сом айлык алышат.
Алар жыл сайын почта бөлүмдөрүндө жумуш көбөйүп баратканын, ошондой эле, “Коопсуз шаар” долбоорунун “бакыт катын” жеткире тургандыгын айтышты.
“Өткөн жылы ушул каттардын кирешесинен айлык акыбызды көтөрөбүз деп убада беришкен, бирок иш жүзүндө андай эмес. Дүкөндөргө карызга берилбесе, ачкачылыктан өлүп калмакпыз” – дейт алар.
Эгерде талаптар аткарылбаса, митингчилер президентке кайрылып, “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасын жоюуну өтүнүшөт.