2015-жылы Бейкер-стрит көчөсүндөгү мүлк Дарига Назарбаевага жана анын уулу Нурали Алиевге таандык болгон. Шерлок Холмстун үйүнөн тышкары, гезитте жазылгандай, Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн Бейкер көчөсүндөгү дагы бир нече курулуш жана жерлери бар. Мүлктүн жалпы наркы болжол менен 140 миллион фунт стерлингди түзөт. Ошол эле учурда, мүлктүн 90% Назарбаевага, ал эми уулу калган 10%ы таандык.
Жер реестринин жазуулары боюнча, учурдагы расмий ээси Farmont Baker Street Limited бул мүлктү 2005-жылы алган. Азыр ал БАЭге караштуу бир компанияга таандык. Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн өкүлү болгон Mishcon de Reya юридикалык компаниясы басылманын маалыматы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.