Домой Коом Алмазбек Орозалиев: Коменданттык саат кыскарганы менен чектөө улана берет

Алмазбек Орозалиев: Коменданттык саат кыскарганы менен чектөө улана берет

12

15-апрелде баш калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдиргендей, талаптар ошо бойдон калды, аларды бузгандарга чара көрүлөт.

«Ошентсе да карантиндин талаптарын сактоо жана коменданттык саат убагында тартип бузууга жол бербөө максатында катуу чаралар көрүлөт. Өзгөчө абалдын узартылышына байланыштуу инфекцияга каршы күрөшүү боюнча бардык эскертүү иш-чаралары мурунку калыбында улана берет. Шаардын чет-жакасына чейин көчөлөрдү дезинфекциялоо иштери жүрө берет».

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска каршы өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды.

Бишкекте 25-марттан бери кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат болуп жаткан, 15-апрелден тартып анын мөөнөтү эки саатка кыскарып, кечки 9дан таңкы 6га чейин деп өзгөртүлдү. Бул аралыкта көчөдө адамдардын да, машинелердин да жүрүшүнө уруксат жок. Ал эми күндүз адамдар дүкөнгө, дарыканага жана медицина мекемесине гана бара алат. Башка зарылчылык болсо комендатурудан уруксат алуу зарыл.

Коменданттык саат киргизилгени шаардагы дээрлик бардык ишкана-мекемелердин ишине тыюу салынып, үч кишиден көп топтолсо айыппул салынары эскертилген.