“Мындай оор кырдаалда машина, командировкалар жана башка чыгашалардан баш тартып тура алабыз. Айлык акыдан башкасын чектеп туруңуздар”, -деди Масалиев.
Жогорку Кеңеште алты саясий партиядан 120 депутат бар.
Өткөн аптада айрым маалымат каражаттарында Жогорку Кеңеш апрель айында 2 миллион сомдон ашыкча чыгымдай турганы жөнүндө маалымат тарап, парламент кескин сынга кабылган.
Ал эми Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тескерисинче парламенттин апрель айындагы чыгымдары болжол менен 7 миллион сомго аз болорун билдирген. Маалыматка ылайык, акча аппарат кызматкерлеринин, эксперттердин иш сапарлары, кагаз-калем, имараттын ичиндеги пландалган оңдоп-түзөө иштери жана башка багыттар боюнча үнөмдөлөт.
Булак: Азаттык