Домой Коом Момбеков: 200 миң сом кенемте пул эмес, келеке пул болуп жатат

Момбеков: 200 миң сом кенемте пул эмес, келеке пул болуп жатат

13

«200 миң сом деген эмне деген акча? Согуш убагында куралсыз душманга салып берген батальондой кылып эле силер дарыгерлерди эч кандай куралсыз алдыга салып койдуңар. Эми оору жугузуп алгандарын текшерип, комиссия түзөбүз деп жатасыңар. Дарыгерлердин нааразылыгы ушундан пайда болот, аларды кайра ыйлатып, кечирим сураттыңар. Токтоткула, мындайды!» – деди депутат.

Дарыгерлерди вирус жугузгандар көп болгону үчүн кызматтан бошотпош керек экенин дагы бир депутат – Айнуру Алтыбаева да айтып кетти.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бардык иш-аракеттер мыйзам чегинде жасалып жатканын билдирди.

Булак: Азаттык