Домой Коом 26 жашында пневмониядан каза болгон Кундуздун бир тууганы:Кайсы акмак ПЦР-анализсиз кабыл алынбасын...

26 жашында пневмониядан каза болгон Кундуздун бир тууганы:Кайсы акмак ПЦР-анализсиз кабыл алынбасын деген чечимди чыгарды?!.

15825

Фейсбук колдонуучусу Таалайбек Шайымбетов 26 жаштагы карындашы Кундуздун эки өпкөсүнөн пневмония болуп каза болгонун айтып, азыркы абалдагы ачуу чындыкты, жан дүйнөнүн ачуу чаңырыгын жазыптыр.

“Менин карындашым Кундуз Шайымбекова 1994-жылы туулган. Ушул 2020-жылдын 30-июнь күнү өпкөнүн эки тараптуу пневмониясынан он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек, кырчындай жаш кезинде бир тууган эң кенже карындашым 26 жашында дүйнө салды!

Баардыгы 24-июнь күнү башталды! Карындашым адаттагыдай жумушунан үйгө келип, эс алганы жаткан. Анан 2-3 саат уктап, кечки саат 21.00до алы жок, башы ооруп, дене мүчөлөрүм ооруп жатат деп ойгонду. Аны биз грипп катары баамдап, ага каршы дары ичип кайра эс алып жаткан. Эртеси 25-июнь күнү  баш оорусу басылып, дем алуум оор болуп жатат дегенинен биздин аймакка караштуу поликлиникага саат эртең менен 9дарда терапевтке алып келдим. Ал жактан температура жок экен, сен үйдөн эле дарыланасың деп бизди кабыл албастан эшиктен эле антибиотик, антивирусный дарыларды жазып берип кетиришти.

26-июнь күнү карындашымдын ахыбалы оорлоп баштады. Дем алуусу оорлоп, күчөй баштады.Мен тез жардам унаасын чакырсам бир сааттан кийин келишти. Аларга мен карындашымдын ахыбалы оорлоп жатканын айтып,тез арада госпитализация кылуулары керектигин айтсам, алар менин сөзүмдү четке кагып, эч кандай госпитализация жок, үйдөн эле дарыланасыңар деп валерянка берип кетип калышты. Андан кийин бир саат өтпөй карындашым мага телефон чалып, мени тез арада үйгө келип калуумду өтүндү. Мен үйгө келгенимде ахыбалы мурдагыдан да начарлап кетиптир. Мен аны тезинен машинама салып, Фучиктеги ооруканага алып жөнөдүм.  Ал жактан карындашымдын абалы оор экенине карабастан орун жок деп кабыл албай коюшту.

Мен эмне кылаарымды билбей Республикалык ооруканага алып жөнөдүм. Ал жактан терапевттик отделение карантинде экенин айтып, жүрөк согуусун, кан басымын текшерип жөн гана капельница жасап, баары жакшы эле экен деп, урология борборуна барып анализ берип көргүлө, кичине шишип калыптыр, балким бөйрөктөрү иштебей жатат деп бизди ошол жакка жиберди. Ал жактан да анализ алып  жакшы экен деп жыйынтык алдык. Ошентип кайра үйгө жөнөдүк. Үйдөн тез жардам кайра чакыртсак баягыдай эле сөздөрдү айтышты! ПЦР-анализ жок госпитализация кылбайбыз, силерден оорлор көп, силер үйдөн эле дарыланасыңар, деп кайра бир укол жасап кетип калышты. Эртеси 27-июнь күнү үйдөн карындашыма капельницаны (физраствор)  коюп бердик. Кичине жакшы болгонсуду.

Бирок, 28-июнга оогон түнү карындашымдын ахыбалы начарлап, эсин жоготуп баштады. Түнкү саат бирде туугандарыбызга чалып чакырып, карындашымды унаама салып ооруканаларга жөнөдүк! Эң биринчи эле Фучикке барсак, ал жакта эл толтура! Оорукана толуп калды, деп эч кимди кабыл албай эшиктен эле кууп  жатышты.  Карындашымдын эриндери көгөрүп дем ала албай атканын көрүшсө да, бизди кабыл алышпады. Андан чыгып эле кайра Республикалык ооруканага барып өпкөсүн тарттырдык. Аны терапевт көрүп эки жактуу пневмония бар экенин айтып, бизди тезинен улуттук госпиталга  жиберишти. Бизди ал жактан да эшиктерин жаап кабыл алышпады, бул жакка ПЦР-анализ менен гана алабыз деп. Ал жакка барсак аларда обсервация жок экенин айтып, бизди Кантка, же Сокулукка, же Воронцовкага барышыбыз керек экенин айтып, бизге Канттагы ооруканага жолдомо жазып беришти. Ошентип, таңкы саат 4.00дө Канттагы ооруканага жетип барып, карындашымды оор деп баалап, түз эле реанимацияга дем алдыруучу аппаратка кошушту да, бизди мындан ары бул жакка кире албастыгыбызды айтышып, эшикке чыгарып коюшту. Биз телефондон гана карындашымдын абалын билип жаттык. Ахыбалын стабильно тяжолое деп баалап жатышты.  Айлам кеткенде врачтарга акча берейин, деп 30-июнь күнү Канттагы ооруканага жөнөп баратканымда, мага белгисиз номерден телефон чалып суук кабарды угузушту!

Уктуңар беле? Карындашыңыз бүгүн саат 8.00дө өлүп калды деп! Менин болгон дүйнөм токтоп, эмне, эмне дейсиңер, алоо десем кайрат кылгыла деп телефонун коюп койду!

Ошентип бир боорумдан бир заматта айрылып калдым! Кайсы акмак ПЦР-анализсиз кабыл алынбасын деген чечимди чыгарды?!. ПЦР-анализди биз ооруп баштаган күнү эле тапшырганбыз! Анысы да 4-5 күндө чыгат экен!
4-5 күндө менин карындашымдын ахыбалы саат сайын оорлоп аягы двухсторонняя пневмонияга алып келди!

Ушуну менен эмне айтмакчымын.
Биздин бийлик, биздин өкмөт, биздин парламент! Силердин алсыздыгыңардан, силердин сабатсыздыгыңардан ушундай жаш өмүрлөр саат сайын өчүп жатат!
Эмне үчүн эч даярдык көргөн эмессиңер?!. Эмне учун ИВЛ-аппараттар, медикаменттер жетишсиз?!.
Январь айында башталган пандемияга эчак даярданып, баарын алдын алууңар керек болчу! Силердин айыңардан толтура өмүрлөр өчтү! Баардыгы силердин шалаакылыгыңардан! Эми баарын тезинен колго алгыла! Өзү аз элибиздин баарын кырып албайлы! Эгерде кимде ким ооруса тезинен кыймылдагыла! Биздин үй-бүлөнүн жоготуусундай эч кимде жоготуу болбосун!
Баарыңарды АЛЛАХ колдосун!

Менин бул дүйнөдөн өтүп кеткен карындашыма жаны жаннааттан болсун деп дуа кылып койуңуздар! Мындай күндү эч кимиңерге каалабайм! 100 уктасам түшкө кирбеген окуя болду! Оорубагыла эч кимиңер! Өкмөт, бийлик силер башыңарды иштетип жарандарыңарды сактап калуу аракетин тезинен көргүлө!”- деп жазды.