Домой Коом Аламүдүн районунун акиминин орун басары Айбек Кулубаев пневмониядан каза болду, ал 46...

Аламүдүн районунун акиминин орун басары Айбек Кулубаев пневмониядан каза болду, ал 46 жашта болчу

1444

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун акиминин орун басары Айбек Кулубаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маалыматты райондук администрациядан тастыкташты. Маалыматка ылайык, Кулубаевге пневмония диагнозу коюлган. Ал бүгүн, 3-июлда түштөн кийин көз жумган. «Оор абалда ооруканага жаткырылган болчу, астма оорусу да бар эле, биз анын жакындарына көңүл айтабыз», — дешти акимияттан. Айбек Кулубаев 46 жашта болчу.