Домой Коом Назира Айтбекова: Атамды 22 жылда унутканга үлгүрүптүрмүн. Бизден кетип атканда жаш болчу!

Назира Айтбекова: Атамды 22 жылда унутканга үлгүрүптүрмүн. Бизден кетип атканда жаш болчу!

7038

Бул менин атам.

22 жыл көрбөгөн атамды издеп бардым. Күйөрмандарым «Атаңыз балама сабак берет» деп жазып турушчу. Алардан даректи алдым дагы жөнөдүм. Жанымда эки дос балам бар. Алар «Көзү тирүүсүндө көрүп, сүйлөшүп кал! Өзүңө эле жакшы болот. Жүрөгүң ылдыйлайт» деп шыкактап жатышты. Бир эсе титиреп, бир эсе кооптонуп, бир эсе толкунданып бараттым.

«Атаң жаман» сөзүн көп укканым менен ал мен үчүн болуп көрбөгөндөй мыкты болчу! Сыртымдан билгизбегеним мн ичимде сагынып, куса болуп жүрдүм.

Балачагымда бул күнүмдү аябай күтчүмүн. Маңдайына чыгып алып, таарынып, жектеп, урушуп атканымды элестеттим далай.

Ал менин келеримди билген эмес. Күйөрманым мн чалыштым да, башка шылтоо менен чакырып чыкты эшикке. Мени күтпөгөн жаны өңү бузулуп, титиреп чыкты атам. Жайдары учураштым.

Маңдайында таң калып, тиктеп турдум. Анын үнү, өңү, кыялы баары ачылыш болду мен үчүн. 22 жылда унутканга үлгүрүптүрмүн. Бизден кетип атканда жаш болчу! Ак аралап, тиши түшүп, өңү азып, такыр башка адам турду.

Ичимде кыпындай да таарыныч жок, урушкум да келген жок. Жыргап турдум. Каткырдык. -Кызым, балмуздак алып берейин?- деди. А мен ага кийим алып бердим. Ошентип коштоштук. Ичим кадимкидей бошоп, 22 жыл кармап жүргөн таарынычым кеткендей, жыргап бараттым…

Ата — энени же баланы тандоого мүмкүн эмес экен. Тагдырдагы такыр өзгөртө албаган учурларың ушул. Катасы, жазыгы бар. Алар да пенде. Кечирбей кайда барабыз? Кечирдим. Ата — энем мени кечирсин. Балким, билип — билбей көңүлдөрүн ооруткан чыгармын… #жөнэлеойлор