Мындан бир жарым жыл мурун баш кошуп, шоу-бизнестин таттуу түгөйлөрү деп аталган ырчы Нурлан Насип менен Асель Кадырбекова ажырашып кетишкендиги тууралуу кептер кызуу тарап жаткан маалы. Учурда шоу-бизнес уу-дуу түшүп, кесиптештери түгөйлөрдү талкууга алып жатышкан маалы. Буга себеп Асель айымдын социалдык тармактагы баракчасына жазган постторунан улам ачыкка чыкты. Анан да Асель айым өз төркүнө кетип, учурда апасынын үйүндө кызы менен күн кечирип жатканы бизге маалым болду. Түгөйлөрдүн эки ажырым жолго кетишкендигине үй тиричилик, майда-барат маселелер себепкер болгонун жакындары жашырышкан жок. Нурлан мырзанын жакындары Асель айымдан мыкты кожейке чыкпаарын буга чейин эле айтып келишсе, бул жуманын башында ырчы мырза кирдеген газ плитада өзү жумуртка кууруп жаткан видеосун интернетке жүктөп ачыктаганы да бар. Асель айым Нурлан мырзадан биротоло кутулууну чечкенби? Айтор, «Инстаграм» желесинен «отписка» болуп кеткенине күбө болдук. Чындыкты азырынча эч кимге билдирбөөнү каалабаган Асель өз үйүнөн жана коңшусунун үйүнүн алдынан өзүн, кызын сүрөткө тартып жүктөп жаткан маалы. Алдыда түгөйлөр тууралуу маалыматтарды дагы да чогултуп, тастыктаган соң сиздерди кабардар кылып турабыз окурмандар!