Мурун келээрин жар салып, бирок, тарапташтарым мен үчүн жапа чегип калбасын деп тизгинин тартып, Кыргызстанга келбей калган Өмүрбек Бабанов бу сапар келди. Келмек турсун, аны УКМК кармап да кеткен жок. Болбосо буга чейин былык иштери бар, кылмыш иши козголгон саясатчыларды ай-уйга келтирбей эле «Манас» эларалык аэропортунан кармап кетчү. Бабановго жылуу жана жумшак мамиле жасалып жатканына караганда, ал бийликтин тилин тапкан окшойт. Болбосо Москвада жүрсө эле анын күнөөсү кечирилип калмак эмес. Ал турсун сагызгандан сак Бабанов Кыргызстанга келмек эмес. Ал тарапташтарынын жапа чегүүсүнөн эмес, өзү камалып калуудан коркмок.