Ырчы Бурул Арунова жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөнүн жазды жана анын ар кандай коркуткан, жагымсыз сөздөрүн жарыялады.
“Биздин ажырашканыбызга көп убакыт болду. Бирок, ал мага такыр тынчтык бербей жатат. Үйүмө чейин келип уруш чыгарып, коркутуп жатат. Учурда соттук процесс жүрүп жатат. Айтчу көп сөздөр бар.
Жолдошум жарым жылдан бери мага тынчтык бербей, актёрдук чеберчилигин көрсөтүп келет. Азыркы учурда ден-соолугум жабыркап турган убагым, күч органдары бул ишти карабай жатышат.
Мага бул адамдын жашоосу баары бир, каалагандай жашасын, бактылуу болсун чын жүрөгүмөн каалайм. Бирок, ар кайсы номерден чалып, жазып, сөгүп, сүрөттөрүн жөнөтүп, үйгө келип жаңжал кылып тынчыбызды алып жатат. Бул боюнча бүт видео, фактылар бар. Бул чети гана тажадым”,- деп жазды ырчы айым.