Ишкер Жалил Атамбаев уулун үйлөп, Ош шаарында 1000 адамга үлпөт той өткөрүшү боюнча УКМК териштире баштады. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

УКМКнын тапшырмасы менен тергөө органдары 12-декабрда өткөн той боюнча текшерүү баштады. Атайын кызмат Бишкек жана Ош шаарларында эпидемиологиялык абалга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими күчүндө экенин белгилейт. Маалыматта: «Чектөөлөргө карабай ишкер Жалил Атамбаев 1000ге чукул адамдын катышуусунда дүңгүрөгөн той өткөргөн. Муну менен ал санитардык-эпидемиологиялык талаптарды одоно бузуп, коомчулук арасында нааразычылык жаратты. Териштирүүнүн алкагында бул факты боюнча тактоо үчүн Жалил Атамбаев УКМКнын тергөө органына чакырылды. Ага карата аябай катуу чара колдонулат», — деп айтылат
Ишкер Жалил Атамбаев 12-декабрда баласын үйлөнткөн.
25 жаштагы Мамыт Айдай аттуу кызга үйлөндү. Той Ош шаарындагы «Рамазан» ресторанында өткөн. Банкет залы 1000 кишиге ылайыкталган.
Коноктордун катарында Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Гаипкулов, Алтынбек Сулайманов, Искендер Матраимов, Азамат Арапбаев, Руслан Чойбеков, Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева, Нургазы Айдаров, парламенттин мурдагы депутаты Данияр Төлөнов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов, мурунку ички иштер министри Мелис Турганбаев, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, Ош облусунун бир катар райондорунун акимдери, анын ичинде Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев бар.