Домой Тагдыр Короновирус: Соңку суткада 318 адамга жугуп, 5 адам каза болду

Короновирус: Соңку суткада 318 адамга жугуп, 5 адам каза болду

43

14-декабрь, дүйшөмбү, саат 11:40ка карата республикалык штабдын  маалыматы:

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 14-декабрдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан беш адам каза болду. 318 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1312 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 77 674 адамга жетти.

Ооруканадан айыгып чыккандардын саны — 70 450 адам.

Учурда 2087 бейтап стационарда жатат, алардын ичинен 91 адам өтө оор, ал эми 500гө жакыны оор абалда. 2951 ​киши үй шартында дарыланууда.

14-декабрда дагы 5 медицина кызматкерине коронавирус жуккан учур аныкталды. Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4039 ​кишиге жетти, алардын ичинен 3770 медкызматкер айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 80ден ашты.