Домой Коом Видео -Опурулган «Оштун ханы», кайра келгис болуп ойт берген экен…

Видео -Опурулган «Оштун ханы», кайра келгис болуп ойт берген экен…

332

6-октябрга караган түнү Жээнбековдун  бийлиги аӊтарылган баш-аламандыктан улам безип жүргөн жеринен баягы «Оштун ханы» атка конгон Мелис Мырзакматов деген эргул 7-октябрдын түнүндө Ошко учуп келип, эл чогултуп алып, өзү элге дагы бир жолу «хан» көрсөтүүгө аракет кылган. Ал тургай, түркөйлүктүн жеткен чегин көрсөтүп, «Түштүк менин колумда» деп дөгүрсүдү эле.  Түштүктү бөлүп алып башкаруу маанидеги кепти айтып келжиреди эле. Анын ошондой сөздөрү үчүн кылмыш козгоп, абакка тыгыш керек эле. Анан эмне болду? Бийлик турукташа баштады. Жапаров, Ташиевдер күчтөндү. Мырзакматов аларды колдогон түр кылып,  өзүнө козголгон кылмыш ишин таптакыр жойдуруу аракетин кылды. Тагыраак айтканда, Жогорку сот 20-октябрда Мырзакматовду актаган чечим чыгаргандай болгон. Ошондой болсо да «Оштун ханы» Жапаровдор менен толук кандуу тил табыша алган жок окшойт, же дагы бир мандемдери, былыктары былгып чыктыбы, айтор 27-октябрда кайрадан Түркияга «качып» кетип, артынан: » Өз иштери менен кетти, бизнесин карайт кайра келип калат» деген кабар  тараткан. Бирок андан бери бир айдан ашты. «Оштун ханы» биротоло ойт берген окшойт деген кептер болууда… Эске сала кетсек, 2015-жылы Мырзакматов Ош шаарында көпүрөнүн курулушунан бир топ акча жеп алган деген айып менен 7 жылга кесилген. Мырзакматов 2014-жылы эле Түркияга качкан. Эми дагы кайсы бир күнү «Түштүк менин колумда» деп түн жамынып учуп келип калышы мүмкүн… Айтор, азыркы заманда арты таза эмес, кылмышкерлердин, коррупционерлердин доору жүрүп жатат… Кызыталактыкы… Иттики…