Экономика министрлиги Ат-Башы районунун аймагына бажы-логистикалык комплексин куруу маселеси талкууланганын кабарлады. Маалыматта: 25-ноябрь күнү Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-менчик өнөктөштүк борборунун кызматкерлери Бажы кызматынын өкүлдөрү менен Нарын облусуна иш сапары менен барып, облус башчысы, Ат-Башы районунун акими жана бир катар тийиштүү мекемелердин кызматкерлери менен жолугушуп келгени айтылат. Аталган райондун тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери чечилди. Жолугушууда логистикалык борборду курууга ылайыктуу жерлер каралганы да айтылды. Министрлик бул долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик өнөктөш катары Мамлекеттик бажы кызматы көрсөтүлүп жатканын да маалымдады. 2017-2018-жылдары аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан. Келишимде инвестор менен келишим 25 жылга чейин түзүлөт деп жазылган. Ал эми инвестициянын көлөмү — 30 миллион доллар. Эске салсак, Ат-Башыга логистикалык борбор куруу чечими 2019-жылдын аягында чыккан. Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам салынбай калган. Бул маселе боюнча бир катар митингдер өткөн. Кыргыз өкмөтүү ал логистикалык борборду Нарынга кытай, кыргыз ишкерлери аралашкан «Ат-Башы» кыргыз-кытай эркин соода аймагы» ЖЧКсы курмак. Инвесторлор «Нарын» эркин экономикалык аймагынан 49 жылга ижарага жер алып, акчанын бир бөлүгүн берип коюшкандыгын айткан Ал каражат инвесторлорго кайра кайтарылган-кайтарылбаганы боюнча өкмөт ушул күнгө чейин так маалымат бере элек.
Домой Саясат Эл кайра каршы чыгат: бийлик Ат-Башыдагы логистикалык борборду кайрадан курууга кирише баштады....