Домой Дүйнөдө Видео — Кыргыз саясатчылары Молдованын жаңы президенти Санду айымдай боло ...

Видео — Кыргыз саясатчылары Молдованын жаңы президенти Санду айымдай боло алышабы?

190

Молдова мамлекети  1990-жылдын башында ураган ССРдин курамындагы 15 мамлекеттин бири. Эгемендүүлүккө Кыргызстан сыяктуу эле 1991-жылы жеткен.  Элинин саны 3,5 млн. Саясый кризис көп болуп, өнүгө албай жаткан мамлекеттердин катарында. 16-октябрда өткөн президенттик шайлоодо 2016-жылдан бери мамлекетти башкарып жаткан  Игорь Додон 48 жаштагы Майя Санду аттуу айымга жеңилди. Санду айымдын 3 жогорку билими бар. Экөөнү өз өлкөсүнөн алса,  үчүнчүсүн АКШдан алган. 2012-жылдарга чейин банктарда (анын ичинде Дүйнөлүк банктын Колумбиядагы филалында иштеген) жана БУУДа эмгектенген. Ошол жылы Молдованын Билим берүү министри болуп дайындалган. Ал бул кызматта башкаларга салыштырмалуу кыяла таза жана жакшы иштеген министрлердин бири болуп калды. Өлкөнүн билим берүү тармагына  өзгөртүү киргизип, айрыкча студенттерге билим берүүнү тыкыр көзөмөлгө алып, жакшырткан.

2016-жылы президенттик шайлоого катышып, Додонго жеңилип калган. 2019-жылы премьер-министрдин милдетин аткаруучу болгон. Бирок көп өтпөй аны бул кызматтан четтетишкен. Себеби, мурунку премьер ага ордун бошотуп бербей, чыр болуп, өлкө  саясый кризиске кептелгенде, бул ишке сот чекит койгон. Үй-бүлөлүк жагдайы тууралуу учкай маалымат: Санду айым, турмушка чыккан эмес. Коомчулукта анын сексуалдык орентациясы сынга алынып келет. 2017-жылы чыккан РАФ үлгүсүндөгү машинесин өзү айдайт жана 72 чарчы метр кавартирда жашайт…

Молдова элинин колдоосун алып турган бул айым эми кичинекей өлкөнү өнүктүрүүгө катуу киреше турганы айтып келет. Жакында анын элге болгон кайрылуусу башка өлкөлөрдүн да купулуна толтуп турат. Кыргызстанда мына ушул айымга окшоп, ишенимдүү сүйлөп, ишенимдүү иштей тургандар барбы?