Домой Саясат Жогорку сот Сапар Исаковдун Тарых музейи боюнча өкүмүн жокко чыгарды

Жогорку сот Сапар Исаковдун Тарых музейи боюнча өкүмүн жокко чыгарды

74

Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромдун реконструкциясы боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку сот маалымат таратты. Кылмыш иштери бир өндүрүшкө бириктирилген болчу. Мындан президенттин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, дин жана этникалык саясат бөлүмүн жетектеген Мира Карыбаевага чыккан өкүм дагы жокко чыгарылган. Ишти кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.

Маалым болгондой, Сапар Исаков бул иштер боюнча 18 жылга эркинен ажыратылган. Биринчи май райондук соту Исаковду 247 миллион сомдук айыпка жыккан. Мурдагы премьер-министр Бишкек ТЭЦин модернизациялоо иши боюнча дагы 15 жылга кесилген.