Кыргыздын уучу кур эмес меценант, коомдук ишмер Азат Исакунов кыргызга кыйын күн түшкөндө 15 миллион сом бөлдү.
Азат Исакунов өз кайрылуусунда төмөнкүлөрдү кыстара кетти:
Урматтуу мекендештер!
Бүгүнкү күндө коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнө жүзү, анын ичинде Кыргызстаныбыз да оор кырдаалга туш келди.
Келиниздер таарыныч, ишенбестиктерди четте калтырып, мамлекетибизге бирдиктүү жардам берели. Ошондуктан, өлкөдөгү эпидемиялык абалды эске алып, 15 миллион сом финансылык жардаам катары бөлүүнү чечтим. Анын ичинен 10 миллион сомду өкмөт түзгөн фондго которобуз. Калган 5 миллион сомду өз өмүрлөрүн тобокелдикке салып обсервацияларда кызмат өтөп жатышкан медицина, өзгөчө кырдаалдар жана милиция кызматкерлерине керектелүүчү гигиеналык, санитардык каражаттар, коргоочу костюмдар жана тамак-аш менен камсыздоого жумшалат.
Урматтуу мекендештерим!
Баардыгыныздарга кайрылып кетет элем, азыркы кырдаалда мамлекет мага кандай жардам берет деп, — сырттан карап турбастан, колубуздан келген жардамыбызды аябайлы. Биздин элибиз мындан дагы оор күндөрдү башынан өткөргөн. Бир муштум болуп кыйынчылыктарды жеңип чыгалы. Мен ишенем, ага баардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар.
Булак: Багыт