«Өзгөчө кырдаал кирген биринчи күндөгү көрүнүштү байкап жатасыңар. Тилекке каршы, өкмөттүн аракеттерине карабастан, биздеги көрүнүш абдан өкүнүчтүү. Эпидемия ар бирибиздин аң-сезимибизге жетпей жатат. Кыймыл-аракетибиз азайган жок. Коронавирус миңдеген адамдарды өмүрүн алды. Жоопкерчиликсиз жарандар, аны көрүп турсаңар да, кенебестигиңер менен башкаларга коркунуч алып келип жатасыңар. Муну түшүнгүлө! Өзүңүз да балким вируска чалдыгып калышыңар толук мүмкүн. Вирус алыс жакта эмес, вирус ар бирибиздин жаныбызда», — деди өкмөт башчы.
Кыргызстанда COVID-19 вирусу менен ооругандар 16 кишиге жетти. Кыргыз өкмөтү 22-марттан тартып өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизди. Бул режим бир айлык мөөнөткө уланат.