Домой Спорт Валентина Шевченко бразилиялык Женнифер Майаны утту

Валентина Шевченко бразилиялык Женнифер Майаны утту

70

—  UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко дагы бир жолу чемпиондук курун коргоду.

22-ноябрда Американын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 255 турниринде Шевченко бразилиялык Женнифер Майа менен беттешип, жеңишке жетти.

Валентина Шевченко төртүнчү жолу чемпиондук курун коргоп жатат. Ал 2018-жылы 8-декабрда UFC 231 мелдешинде польшалык Йоанна Ежейчик менен болгон беттеште аны жеңип, андан кийин 2019-жылдын 8-июнунда Жессика Эйге, 2019-жылы 10-августта Лиз Кармушка жана 2020-жылы 8-февралда Кэтлин Чукагянга каршы күрөштө өзүнүн наамын коргогон.

Ушул эле турнирде Антонина Шевченко бразилиялык Ариана Липски менен беттешип, аны экинчи раундда техникалык нокаутка жөнөткөн.