Домой Дүйнөдө Дүйнөдөгү эӊ бышык жана эӊ ишенимдүү машине кайсы? Рейтинг…

Дүйнөдөгү эӊ бышык жана эӊ ишенимдүү машине кайсы? Рейтинг…

388

Россиянын РИА Новости агенттиги  Американын «Consumer Reports» журналынын талдоочулары дүйнөдөгү эң ишенимдүү автоунааларды чыгарган бренддердин рейтингин аталган басылмага таянуу менен жазып чыкты. Рейтинг боюнча: «Мазда» ишканасы мүмкүн болгон 100 упайдын 83 упайына ээ болуп, эң ишенимдүү автоунаа чыгарган ишкана деп аталган.  Эксперттер эң ишенимдүү моделдер деп : MX-5 Miata, CX-30, CX-3. аталыштагы автоунааларды тандашкан. Ал эми  алдыңкы ондукка «Buick», «Honda», «Hyundai», «Ram», «Subaru», «Porsche» жана «Dodge» аталышындагы  автоунаа өндүрүүчүлөр кирген.  Мфндай рейтингди  330 миң айдоочунун маалыматына таянып талдап, түзүп чыгышкан. Айдоочулар  изилдөөчүлөргө айдоочулар унаалары менен аныкталган көйгөйлөр жөнүндө маалымат беришкен. Мындайча айтканда  рейтинг автоунаалардын айдоочуларынын  сурамжылоонун натыйжасында түзүлгөн. Мындан тышкары, машиналардын коопсуздугун камсыз кылган маалыматтардын негизинде түзүлгөн жана андан тышкары талдоочулар тарабынан да ар тараптуу баа берилген.