Домой Саясат Урматтуу, Камчыбек Ташиев, Алмамбет Салиев качан жазаланат?!

Урматтуу, Камчыбек Ташиев, Алмамбет Салиев качан жазаланат?!

64

Жээнбековдун жетеленме саясатынын башкы «монстрларынын» бири Алмамбет Салиев эле.  Жээнбеков  Алмамбетти ( 27 жашынан баштап)  2010-жылдан бери жанында алып жүрүп, тактап айтканда Ошто губернатор болуп тургандан бери жооптуу кызматтарга дайындап, өстүргөн. 2016-жылы өкмөт башчы болгондо өзүнө жардамчы, андан соӊ, бөлүм башчынын орун басары кылган. Жээнбеков  Президент болгондо, сүйүктүү кадрын тажрыйбасы жок болсо да  апараттын башчысынын орун басары кылган. Ал бул кызматта  Жээнбеков эл тарабынан айдалып кеткенче иштеди.  3 жыл аралыгында Салиев кыргыз саясатын сапыргандардын бири болду. Ал кызматына таянып соттор аркылуу каалаган саясатын жүргүздү. Бул туралуу соттор деле жакында өздөрү сайрап айтып чыгышаар…

«Ак нет» компаниясын басып алууга да катыштыгы бар экени көп айтылды, көп жазылды. Дагы бир катар былыктары ЖМКларга көп чыкты.

Бирок Садыр Жапаровдун бийлиги эмнегедир Салиевди былыгын «жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын» дегендей кылып турат. Же жеӊ ичинен соодалашып, «согун сыгып» алыштыбы? Укуругу узун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул маселеге келгенде эмнеге «уктап» жаткан түр кылып жатат. Коррупцияга каршы, мыйзамсыздыкка каршы күрөштү дал ушул Салиевден башташы керек эле…