Домой Коом “Тёплые ключи” санаториясында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жарандын аты-жөнү такталды (сүрөт)

“Тёплые ключи” санаториясында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жарандын аты-жөнү такталды (сүрөт)

203

“Тёплые ключи” санаториясында колу менен буту байланып, оозу скотчтолуп бакта асылып турган абалда табылган жарандын аты-жөнү такталды. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан бүгүн, 23-ноябрда кабарлашты.

“Маркум Нарын облусунун 19 жаштагы О.Э. аттуу тургуну болгон. Анын өлүмү боюнча кылмыш ишин иликтөөнү өлкөнүн Ички иштер министрлиги жана Чүй ОИИББи өз көзөмөлүнө алды. Учурда тиешелүү тергөө амалдары улантылып жатат”, – дешти мекемеден.

Окуянын чоо-жайы:

21-ноябрда болжол менен саат 13:13тө Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө “Тёплые ключи” санаториясында жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу жерине барып, колу менен буту байланып, оозу скотчтолгон абалда бакта асылып турган жаранды аныкташкан.

Бул факт 130-берене (адам өлтүрүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.