7-декабрда Улуттук банк 10,3 миллион долларды сатуу менен валюталык интервенцияны ишке ашырды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында кабарланды.
Декабрь айынын биринчи күнүндө Улуттук банк 5,25 миллион долларды сатты. Жыл башынан бери жалпысынан 29-интервенция жүргүзүлүр, 449,1 миллион доллар сатылды.
Ноябрь айынын башынан тартып жүргүзүлгөн интервенциялар: Улуттук банк 12-ноябрда – 26,8 миллион доллар, 16-ноябрда – 22,4, 17-ноябрда – 500 миң доллар, 18-ноябрда – 1,3, 19-ноябрда – 3, 20-ноябрда 2,5, 24-ноябрда – 1,6, 26-ноябрда – 5,8, 27-ноябрда – 1,1, 1-декабрда – 5,25, 7-декабрда -10,3 миллион доллар сатты.