Домой Криминал Кара-Балтанын карокесинде мушташкандар милицияны бычак менен сайып салган

Кара-Балтанын карокесинде мушташкандар милицияны бычак менен сайып салган

55

Кара-Балта шаарында мушташ учурунда милиция кызматкери бычактан жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өз булактарына таянып жазып чыгышты.

Караоке-барга эс алганыкелгендердин ортосунда мушташ чыгып, күбөлөрдүн бири милицияга кайрылган. Андан соң окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Бул окуя өткөн жумада болгон. Тергөөнүн натыйжасында, мушташтын катышуучуларынын бири милиция кызматкерин бычак менен сайып салган. Ал  жабырлануучу Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн айдоочусу.

Милиция шектүүнү бычак менен сайып жаткан жеринен колго түшүргөн.