Нарындан чыккан ишкер Улан Бакасов элге жардам кылуу боюнча башка чоӊ байларга үлгү көрсөтүп жатат десек жаӊылбайбыз. Ал пандемиянын алдында Нарын облусуна жалпысынан 9 «Тез жардам» унаасын алып берген. Андан соӊ жардамга муктаж 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тараткан. Пандемия күчөп турганда облуска жалпысынан 100 концентратор алып берди. Мындан тышкары, Нарын шаарындагы 1975-жылдан бери оӊдоло элек шаардык футбол стадионун дагы оӊдоп-түзөп, жаркыратып койду.
31-июлда курман айт майрамына карата жеке ишкер Улан Бакасов 10 топоз курмандыкка чалып, Нарын шаарындагы жана Нарын районундагы аз камсыз болгон 734 үй-бүлөгө таратты. Кыскасы, Улан мырза, элинен жардам аябаган чыныгы мекенчилдердин бири катары өзүн көрсөтүп жаткан мезгили. Ишине ийгилик дейли!
Булак: Багыт