Кыргыздын кыраан акындарынын бири Жолон Мамытов: “Ата-Журт кыйын күнгө кабылганда, Айлансын ар бир уулуӊ чагылганга!” – деп таамаай жазган эки сап ыры элдин жүрөгүндө бекем сакталып келет. Бирок ушул мааниси тереӊ эки сапка кыргыздын жигиттеринин баары эле татыктуу деп айтсак ашыкчаболуп калаар. Ошондой болсо да өз тобунан сурулуп чыгып, элге кызмат кылган жигиттер ого эле көп. Андай эр азамат, кыйын чыкмалардын бири Маркабаев Эрмек Карасаевич! Жер соорусу Жети-Өгүздүн кулуну Эрмек мырза бир топ жылдан бери кыргыздын камчыга сап жигиттеринин бири катары экономиканы, ишкерликти тереӊ түшүнгөн инсан катары калыӊ элдин оозуна алынып жатканы талашсыз. Коӊшу Казакстандан 18 жыл эмгектенип, ишкерликтин ысык-суугуна тоӊуп, ири базарларды жетектеп чоӊ ийгиликтерди багынткан. 2015-жылы өз мекени Кыргызстанга кайтып келип, Бишкекте “Сары-Өзөн Дыйкан” базарын түптөп, аз жыл ичинде ал базарды шаардагы бирден –бир жашылча –жемиш саткан айтылуу базарлардын бирине айланта алды.
Бүгүнкү күндө бул базарда миӊден ашуун адамга жумуш орду түзүлгөн. Эӊ башкысы эрте жаздан күзгө чейин маӊдай терин төгүп, тынымсыз иштеген дыйкандар үчүн өндүргөн айыл-чарба азыктарын дал ушул базарга эч тоскоолдуксуз дүӊүнөн жана чекене өткөрүүгө абдан жакшы шарт түзүлгөнүн жалпы коомчулук жакшы билип калды. Ошондой “Сары-Өзөн-Дыйкандан” кыргыз дыйкандары да Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан баштаган КМШ мамлекеттерине жакшы экспорттолуп келет.
Эрмек мырза, Кыргызстандын айыл-чарба тармагын көтөрүү үчүн көптөгөн аракеттерди кылып, жүйөөлүү ой-пикирлерин айтып келет. Андай курч сөздөрүнүн бирин мисалга тарталы: “Жакында кайсы бир депутат: “Айыл-чарба министрлигин жоюш керек” – деп сүйлөдү. Менимче, бул жиндинин эле сөзү да. Агрардык мамлекетте Айыл-чарба боюнча министрлик жок дегенди кандай түшүнсө болот? Элестетүүгө да болбойт да. Мындай акылга сыйбаган сөздөрдү сүйлөбөй, ошол Айыл-чарба министрлигин өкмөткө жардам берип баарыбыз өнүктүрүүгө салым кошушубуз керек. Дыйкандар ансыз деле өздөрүнүн түмөн түйшүктүү эмгеги менен эбегейсиз салым кошуп жатат. Эми мамлекет Айыл-чарба министрлигинин бюджетин көбөйтүп, ал министрликтеги ашыкча кызматтарды, ашык баш кызматкерлерди (жалпысынан 4500дөн ашык деп айтылат) 30-40 пайызга кыскартып, жакшы реформа кылуу иштерин ийгиликтүү жүргүзсө, жыйынтыгында бул министрлик дыйкандарга жакшы эле жардам берип, колдон-буттан алып, алдыга карай сүйрөп калмак. Керек болсо Айыл-чарба министрлигинин укугун көбөйтүп, Агропродкорпорациясын ачып, Айыл-банкты да ушул министрликке караштуу кылып койсо болот.» — деген Маркабаевден бул тармак боюнча келечекте дагы да жемиштүү иштерди жасарына ишенсек болот.
Биз Эрмектин базарга байланыштуу болгон чоӊ ишкерлигинен мурун, элге берип жаткан алгылыктуу жардамдарын сөз кылсак.
Элге жардам кылуу — Эрмектин эӊ башкы максаты!
Бүткүл дүйнө- жүзүнүн башына түшкөн пандемия Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок. Биздин өлкө да анын терс кесепетинен кыйла кыйынчылыктарга туш болуп, экономикабыз артка кетти. Элибиз эки-үч айлап үйдө камалып, карнатиндин катаал шартын башынан өткөрдү. Мына ошондой оор кырдаалда Эрмек мырза, элге жардам берип, элдин батасына арзыды. Төмөндө элге жардам кылган элдик жигиттин жардамдарынын баарын санабасак да, айрымдарын акыйкаттык үчүн айта кетпесек болбос:
Эрмек Маркабаев, Бишкек шаарынын мэриясынын берген тимеси боюнча Бишкектеги жардамга муктаж 200 үй-бүлөгө соцпакеттерди таратып берген. Булардан тышкары, Эрмек мырзага пандемия убагында жардам сурап кайрылган дагы 300гө жакын адам тиешелүү жардамдарды алышкан.
Айтсак, ал алгач карантиндин учурунда Жети-Өгүз районунун Жети –Өгүз айыл өкмөтүнүн түзүп берген тизмесиндеги жардамга муктаж 82 үй-бүлөгө бир мүшөктөн ун жана 3 литрден суу май таратып берди. 8 миӊге жакын эл жашаган Жети-Өгүз айылынан көчөлөрүнө жалпысынан 55 ХО унаасы менен кум-шагыл төгүп, жолдорду “жорго жол” кылып оӊдоп берди. “Жол жакшы, көчөсү түз болгону менен түндө караӊгы болуп турган кантип жарашсын” деген Эрмек көчөлөрдү жарыктандырып да берип, айылды жаркыратып койду. Буга ыраазы болгон жети-өгүздүктөр жетине албай, Эрмекти алкап келишет. Албетте, Эрмектин айыл үчүн болгон жардамдары муну менен эле чектелип калбасы түшүнүктүү. Алдыда өзү максат кылып, мерчемдеп койгон иш-аракеттери ийгиликтүү ишке ашарына эч күмөн жок десек болот.
Элдин саламаттыгы эӊ башкы маселе…
Андан кийин Эрмек Маркабаев элдин көбү ооруп,айрымдар бул жарыкчылык жашоо менен коштошуп жаткан мезгилде Ысык-Көл облустук ооруканасына эки концентратор жана Жети-Өгүз айылына дагы бир концентратор алып берген. Бул жардамдардан тышкары да Эрмекке жардам сурап кайрылган адамдардын саны да арбын. Аларга берген жардамдардын баарын тизмектеп жаза берүү биздин максат эмес. Себеби, “бир колуӊ берген жардамды, экинчи колуӊ көрбөсүн” деген кеп-сөздү да эске алуу зарыл.
Эл үчүн эмгек кылган Эрмектей эр азаматтарбыз өлкөнүн өнүгүүсү, жаркын келечеги үчүн тынбай ак кызмат кыла берсе, жалпы эл ак батасын берип, алкап турууга дайым даяр эмеспи!
Булак: Багыт.кж