Домой Дүйнөдө Трамп АКШдагы президенттик шайлоого катыша турганын айтты

Трамп АКШдагы президенттик шайлоого катыша турганын айтты

5
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2024-жылы боло турган президенттик шайлоого талапкерлигин кое турганын расмий билдирди. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.
Буга чейин ал АКШнын президенттигине талапкерлигин көрсөтүү үчүн арыз берген.
«Американы кайрадан улуу мамлекет кылуу үчүн АКШнын президенттигине талапкерлигимди коюуну чечтим», — деген мурдагы президент.
Ал АКШ багынтчу бийиктиктер алдыда экенин айтып, ошол себептен ушундай чечимге келгенин белгилеген. Буга катар Кошмо Штаттар кайрадан президент болом деп жаткан Жо Байдендин дагы төрт жыл башкаруусуна чыдай албай турганын кошумчалаган.
Трамп ушул күндөн тарта 2024-жылы боло турчу шайлоого чейин сөзүнө бекем туруп, президенттик такты үчүн күрөшө турганын убадалаган.