Домой Саясат Мирлан Жакыпов КР энергетика министринин орун басары болуп дайындалды

Мирлан Жакыпов КР энергетика министринин орун басары болуп дайындалды

12

Жакыпов Мирлан Мустафаевич КР энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин «Кыргызкөмүр» МИнин директору кызматын аркалап келген.